ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны

28 Аяк оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-августта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү.

Анда «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-202 0-жылдарга  болжолу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жана 2017-2018-жылдарга күз-кышкы мезгилине Кыргыз Республикасынын калкынын жана экономика тармактарынын даярдыгынын  жүрүшү боюнча маселелер каралды.

Ушул маселелер боюнча Финансы министри Адылбек Касымалиев, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Кубан Мырзаканов жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» Ачык акционердик коому башкармалыгынын  төрагасы Айбек Калиев маалымат беришти.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү