Премьер-министр Сапар Исаков: Кыргызстан Индия менен кызматташууга өзгөчө көңүл бөлүп, анын мындан ары тереңдешин колдойт

Бүгүн, 28-сентябрда  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Индия Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар менен жолукту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу тармагында актуалдуу маселелер талкууланды.

Өкмөт башчы Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министрине жакында Бишкек шаарында болгон «Азыркы замандагы светтик мамлекеттеги Ислам» Эл аралык конференциясына катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай иш чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевтин 2016-жылы Индияга болгон иш сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн келишимдердин бирөөсүн аткаруунун жыйынтыгы экенин белгиледи.

Сапар Исаков акыркы жылдарда кыргыз-индия мамилелеринде позитивдик өсүү байкалганын өзгөчө белгилеп, өлкөдөгү онкологиялык ооруларга нур терапиясын өткөөрүүчү “Бабатрон-2” жабдуусун Улуттук онкология борборуна бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Биз азыр саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде онкологиялык оруулар менен күрөшүү боюнча чоң реформаларды жүргүзүп жатабыз. Ошондуктан  сиздердин  көрсөткөн жардамыңыздар абдан зарыл жана өз убагында болду.  «Бабатрон-2» бул адамдын жашоосун сактап калууда уникалдуу аппарат болуп эсептелет», — деди Сапар Исаков.

Аны менен бирге Премьер-министр ушул сыяктуу медициналык аппаратты Ош шаарындагы медициналык мекемелерге да алуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону суранды.

Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Мушабар Джавад Акбар бул маселени сөзсүз карап чыга турганын баса белгилеп, Кыргызстан тараптын Индиянын «Бабатрон-2» медициналык жабдуусуна кызыгуусу, Индия бүгүнкү күндө дүйнөдө көп суроо талапты жараткан заманбап жабдууларды өндүрүп жатканынан кабар бере тургандыгын билдирди.

Аны менен бирге Мушабар Джавад Акбар эки  тараптуу мамилени саясий деңгэлде гана күчөтпөстөн, эки элдин жарандарынын да мамилесин күчтөндүрүү керек экенин  билдирди.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Индиянын каржы системасын изилдөө жана андан тажрыйба алуу үчүн ата мекендик эксперттердин тобун жөнөтүү макулдашылды. Мындай  аракеттер 2016-жылы Индияда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  иш сапарында чечилген.

Өкмөт башчы Сапар Исаков эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым-катыштарды ишке ашыруу зарыл экендигин жана келечекте буга көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин  билдирди.

Ошондой эле, Өкмөт башчы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга кирип-чыгышы тууралуу документтерди жөнөкөйлөтүү максатында  Кыргызстанда электрондук виза ишке киргенин билдирди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү 


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=104282