Биринчи Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов: “Кошой” заводун ишке киргизүү – өлкөнүн өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам

“Кошой” заводун  ишке киргизүү – өлкөнүн өндүрүш коопсуздугун камсыз кылуудагы маанилүү кадам. Бул тууралуу бүгүн 29-сентябрда, “Кошой” заводун ишке киргизүү аземинде Кыргыз Республикасынын  Биринчи Вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов билдирди.

2005-жылдан бери ишке ашпай келген – “Кошой” заводунун ишке кириши–өлкөбүз үчүн маанилүү окуя болду. Заводду заманбап жабдуулар менен  ишке киргизүү үчүн  2016-жылы  Кыргыз-Орус өнүктүрүү Фондунан ишканага     10 млн. АКШ доллар суммасында жеңилдик берилген. Бул каражатка, күнүнө 3 тоннага чейин кант кызылчасын иштеп чыгууга мүмкүндүк бере турган  заводду бүтүндөй жаңылоо иштери жүргүзүлдү – деди ал.

Биринчи Вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов дыйкандардын кант кызылчасын өстүрүүгө болгон кызыкчылыгынын жаралышы, заводдун кайра иштеп чыгуу кубаттуулугунун потенциалынан көз каранды, – деп белгиледи.

Өткөн жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй кант –кызылча өнөр-жайы,  дыйкандар өстүргөн  кызылча өсүмдүктөрүнүн үрөөнүн сатууга болгон кепилдикти камсыз кылуу менен, өндүрүш тизмегинин бүтүндүгүнө кепилдик берүүдө  дагы бир ири заводго муктаж. “Кошой” заводунун ишке кириши  бул көгөйдү чечет. “Кошой” заводунун ишке кириши менен бирге  “Кайыңды-кант” заводу дагы  кант кызылчасын иштеп чыгуу алектенет. Биз кумшекерге болгон өзүбүздүн гана бүтүндөй талабыбызды  канааттандырбастан, өндүрүштү коңшу мамлекеттерге да экспорттой алабыз”, – деп билдирди Биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалымат камсыздоо бөлүмү

 

 


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=104309