Премьер-министр Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту

29 Аяк оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-сентябрда, Россия Федерациясына болгон  расмий  сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолукту.

Өкмөт башчы  бүгүнкү күндө кыргыз-орус мамилелери өнүгүүнүн сапаттык жаңы учуруна келгенин, бул эки мамлекеттин күч-аракети менен ишке ашып жатканын билдирди.

Аны менен бирге Сапар Исаков Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыгына кошкон зор салымын да  баса белгиледи.

«Бүгүн  биздин мамилебиз чынында эле стратегиялык  союздаш экендигин ишенимдүү айта алам. Биз эки тараптуу мамилелердин келечегине өзгөчө маани беребиз», – деди Сапар Исаков. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Аламазбек Атамбаевдин саламын да жолдоду.

Россия Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Өкмөт башчы катары Сапар Исаковдун биринчи чет элдик сапары Россия Федерациясында жүзөгө ашырылганын жогору бааларын баса белгиледи.

“Биздин өлкөлөр жакын өнөктөштөр жана союздаштар. Бизде чыныгы достук мамилелер бар. Бирок буга карабастан ар дайым эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн байкап туруу өтө маанилүү ” – деди Дмитрий Медведев.

Ал Өкмөттүн жаңы курамынын ишмердүүлүгү Россия менен болгон мамилелердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган саясаттын ырааттуулугун камсыз кыларына  ишеним артарын билдирди.

Мындан сырткары Сапар Исаков менен  Дмитрий Медведев  2017-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу багытында да сүйлөштү.

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ЕАЭБдин алкагында  кыргыз-орус кызматташтыгын мындан ары да бекемдөө жана аны өнүктүрүү багытында баарлашып, эл аралык кун тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.

Жолугушууда ошондой эле биргеликте кызыгууну жараткан эки өлкө ортосундагы бардык тармактар боюнча кызматташуунун багыттары талкууланды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү