Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Үй-бүлөнү сактоо – бул чоң искусство

30 Аяк оона, 2017

Үй-бүлөнү сактоо – бул чоң  искусство. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан жарыяланган 2017-жыл – Ыйман маданият жана адеп жылынын алкагында  өткөрүлүп жаткан Эл аралык карылар күнүнө арналган майрамдык иш чарада билдирди.

Иш чарага республиканын бардык аймактарынан  чогулган 50 жылдан ашык бир үй-булө болуп жашаган жарлар катышты. Чакырылган жуптардын арасында белгилүү коомдук ишмерлер, анын катарында жубайы менен 53 жыл чогуу жашаган Кыргыз Республикасынын гимнинин автору Шабданбек Кулуев, ошондой эле «Манас», «Семетей», «Сейтек» триологиясын орус тилине которгон Сапар Бегалиев да болду.

«Бүгүн биз жарым кылымдан ашык чогуу жашаган жубайларга таазим кылабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан баарыңыздарга  өлкөнүнүн өнүгүүсү үчүн кошкон зор салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирүү менен ар бириңиздерге узун өмүр каалайбыз. Сиздердин өмүр жолуңуздар- артта өсүп келе жаткан муундарга чыныгы сабырдуулуктун, сүйүүнүн жана ынтымактуу жашоонун үлгүсү болуп саналат. Аны сактап калууда сиздер чоң эрдик көрсөттүңүздөр», – деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр үй-бүлө институту -  бул өзүнчө мамлекет экенин  азыркы тапта өнүгүүгө жана бекемделүүгө муктаж болуп турганын белгиледи.

«Бири-бирине болгон сезим жана ишеним — бул маңдай тер, эмгек, ага  өтө көп күч коротуп, сый мамиле жасаганда гана ишке ашат. Учурда үй-бүлө институту бекем болууга муктаж. Муну эске алуу менен жаңы үй-бүлө куруп жаткан жаш жубайларга сиздер жакшы үлгү болуп бересиздер», — деди ал.

Чакырылгандардын атынан сөз сүйлөгөн Шабданбек Кулуев  аталган иш чараны уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

Жубайлар өздөрүнүн ишмердүүлүгү, үй-бүлөлүк ийгиликтери жана аны сактоонун сырлары менен бөлүшүп, өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо эң негизги фактор эмгекчил болууга, мекенине жана жакындарына болгон сүйүүсүн бекемдөөгө үндөө экендигин айтышты.

Маалымдама:

1-октябрь Эл аралык карылар күнү БУУнун башкы Ассамблеясынын чечими менен 1991-жылдынан баштап белгиленип келе жатат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү