Премьер-министр Сапар Исаков Москва шаарында жайгашкан бүткүл россиялык көргөзмө борборундагы «Кыргызстан» павильонуна барып, «Коопсуз шаар» системасынын иши менен таанышты

30 Аяк оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарында жайгашкан бүткүл россиялык көргөзмө борборундагы «Кыргызстан» павильонунун оңдоо иштери менен таанышты.

Өкмөт башчысына маалымдагандай, соода көргөзмө борборунун негизги багыты Кыргызстан менен Россиянын  ортосунда илимий-техникалык, соода-экономикалык жана маданий кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

Бул борбордо дайыма кыргыз элинин тарыхына жана маданиятына арналган экспозияциялар ачылат.

Абал менен таанышып чыккан Өкмөт башчы павильон Кыргыз Республикасынын экономикалык жетишкендиктерин жана туристтик потенциалын көрсөтө турган аянтка айланышы керектигин баса белгиледи.

Сапар Исаков белгилегендей, павильон өлкөгө инвестиция тартууда, элдин маданий жана тарыхый баалуулуктары менен таанышууда ошондой эле илим, билим берүү жана башка өлкөнүн жетишкендиктерин алдыга жылдырууда жакшы мүмкүнчүлүк болушу керек.

Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга мурда белгилендей бардык курулуш иштерин өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле Өкмөт башчы Москва шаарында ишке ашып жаткан «Коопсуз шаар» мамлекеттик программасынын  иштеши  менен таанышты.

Аталган система ар кандай окуяларга убагында көңүл буруп, ыкчам аналитикалык чечимдерди кабыл алууда программалык комплекс болуп эсептелет. Ал транспорт системасын жолго сала турган көп тармактуу түзүм болуп саналат. Анда транспорт, телекоммуникация, электр жана суу менен камсыз кылуу ошондой эле шаардык системасын контролдоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытын көздөйт.

«Коопсуз шаар» системасы калктуу райондорду, муниципалдык имараттарды, мекемелерди, өндүрүш жана энергетикалык  компекстерди, транспорттук инфраструктураларды жана  массалык элдин агымы көп  болгон аймактарды камтыйт.

Премьер-министр Сапар Исаков коомдук тартипти сактоодо, укук коргоо органдарынын ыкчам чечим кабыл алышына жана алардын ишинин эффективдүүлүгүн арттырууда аталган системасынын өзгөчөлүгүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы ушул сыяктуу эле «Акылдуу көчөлөр» долбоору жакын арада пилоттук аймак катары Ош жана Бишкек шаарларында ишке ашарын билдирди.

Аны менен  бирге Сапар Исаков аталган долбоорду ишке ашырууда Россиянын тажрыйбасын иликтеп чыгуунун маанилүүлүгүн эскертип, тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду эффективдүү ишке ашыруу үчүн адистерди тажрыйба алмашууга жөнөтүү үчүн атайын топторду түзүүнү тапшырды.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсзыдоо бөлүмү