Премьер-министр Сапар Исаков Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолукту

30 Аяк оона, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Москва шаарында Россия Федерациясынын аймагында жашаган кыргыз диаспораларындагы мекендештер, ишкелрер жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда Өкмөт башчы алардын бир катар суроолоруна жооп берип, чет жакта жүргөн мигранттарга жакшы шарттарды түзүүгө багытталган Өкмөттүн миграциялык саясат чөйрөсүндөгү аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында ыйгарым укуктуу элчисине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө карашту миграция кызматынын жетекчилигине жолугушуу учурунда айтылган маселелер боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

Иш чаранын аягында Сапар Исаков кыргыз жарандарынын укугун жана алардын кызыкчылыгын коргоого кошкон салымы үчүн кыргыз диаспорасындагы өзгөчөлөнгөн мекендештерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын жана Премьер-министрдин ысымы жазылган сааттарын ыйгарды.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсзыдоо бөлүмү