Премьер-министр Сапар Исаков Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-сентябрда, Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында Россия Федерациясынын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолукту.

Жолугушууда Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан элдин  диндер аралык ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө багытталган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашырууда. Сапар Исаков өлкөдө динди  руханий жактан өнүктүрүүгө жана ар тараптуу колдоого өзгөчө маани бериле турганын  билдирди.

Премьер-министр Россия мусулмандарынын руханий лидерине кайрылып, Орусиядагы диний чөйрөнүн өнүгүүсүнө  жана аны руханий жактан бекемдөөдө элдин  биримдигин калыбына келтирүүдө анын жеке салымы зор экенин баса белгиледи.

Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин Сапар Исаков менен Россиялык мусулмандардын атынан жылуу маанайда учурашып,  акыркы жылдары Кыргызстандагы жүргүзүлгөн саясий мамилелерден улам,  эки өлкөнүнүн элиниин ортосунда боордоштук алака түзүлгөнүн кошумчалады.

«Биз өлкөнүн жакшы жагына өзгөрүүсүн жана кыргызстандыктардын  диний багытта өнүгүп жатканын көрүп турабыз. Алар өлкөдө туруктуулук бар экенине абдан кубанышууда. Буга байланыштуу сиздерге өлкөнүнүн өнүгүүсү үчүн жигердүү жумуш жана келечектеги ийгиликтерди каалап кетмекчимин», — деди Равиль Гайнутдин.

Ал эки өлкөнүн жана элдердин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелерди кылымдар бою үзгүлтүксүз келе жатканын баса белгилеп,  акыркы жылдары бул алакалар мындан да бекемделгенин айтып өттү.

Ошондой эле  Равиль Гайнутдин Сапар Исаковдун Премеьр-министр катары чет жакка болгон  иш сапары Россия Федерациясына болгону абдан кубандырганын  билдирди.

Тараптар Кыргызстандын Диний мусулмандар башкармалыгы менен Россиянын муфтийлер Кеңешинин ортосундагы кызматташууну оң динамикада бара жатканын белгилешти.

Мындан сырткары Премьер-министр Сапар Исаков менен Россиянын диний муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин эки тараптын мамилесин жогору баалап, диний чөйрөдөгү кызматташууну мындан ары да бекемделишине аракет кыларын билдиришти.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсзыдоо бөлүмү 


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=104435