Вице-премьер-министр Д.Зилалиевге катуу сөгүш берилди

4 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Мындай дисциплинардык чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде 2017-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин жоопкерчилигине карата көрүлгөн дисциплинардык чараны мындан да катуураак чарага өзгөртүү боюнча көрсөтмө берилген.

Эскерте кетсек буга чейин, 21-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата уюштуруу, техникалык маселелерине жана шайлоо комиссияларынын даярдыгына көмөк көрсөтүү боюнча  республикалык штабдын төрагасынын милдетин Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыровго жүктөгөн.

Аталган чечим Премьер-министр тарабынан ЖМК Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин бирине жеке көз карашын билдиргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү