Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев: Калктын жетиштүү көлөмдө көмүргө ээ болуусу үчүн жер-жерлерде бардык шарттар түзүлдү

5 Тогуздун айы, 2017

Алдыдагы кыш мезгилине даярдык көрүү менен калктын жетиштүү көлөмдө көмүргө ээ болуусу үчүн жер-жерлерде бардык шарттар түзүлдү. Муну эске алып, жарандарды суук түшкөнчө азыртадан көмүр алууга чакырам. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүшөнбек Зилалиев бүгүн, 5-октябрда, Жалал-Абад жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдирди.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата бир катар социалдык мекемелердин даярдыгы менен таанышты.

“Бүгүн аймактарга болгон иш сапардын жүрүшүндө, Жалал-Абад жана Ош облустарынын социалдык мекемелеринин 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгынын жүрүшү менен жеке өзүм тааныша алдым. Жалпысынан бул эки облустун социалдык мекемелери, анын ичинде билим берүү жана медициналык имарттар кезектеги күз-кыш мезгилинин башталышына даяр. Болгону майда-барат кемчиликтер бар, аны жакынкы күндөрү жергиликтүү бийлик органдары жокко чыгарууга милдеттендирилди. Аны менен бирге калктын кыш мезгилине карата керектүү өлчөмдө ыкчам жана арзан баада көмүр алуусуна шарт түзүү үчүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте жаңы отун базаларын түзүү иштерин улантуу керек”, – деди ал.

Мындан тышкары Дүйшөнбек Зилалиев экономика тармактарында жана калктын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча облустук штабдын ишине да катышты.

Отурумдун жыйынтыгында, “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун өз убагында аткаруу боюнча бир катар атайын тапшырмалар берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү