Премьер-министр Сапар Исаков Кочкор районунун Кочкор айылына жаңы суу тосмо курууну тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор айлынын “Тогуз-Булак” жер тилкесиндеги суу тосмонун абалын карап чыкты.

Кочкор айылы эки булактан таза суу менен камсыз болот. Бул үчүн 1993-жылы “ашар” ыкмасы менен атайын суу түтүктөрү коюлуп, эки кароочу кудуктар курулган.

Тазалоонун тийиштүү системасынын жоктугунан улам, берилип жаткан суу хлордоштурулбайт. Ошондой эле таза суу сактаган резервуар жок.

Өкмөт башчы таза суу менен элди камсыз кылуу үчүн Кочкор айлына жаңы суу тосмону курууну баштоого тиешелүү мамлекеттик органдарга буйруду.

«Жаңы доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасынын алкагында “Таза суу” долбоорун ишке ашырууга чоң көңүл бурулууда” – деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Сапар Исаков Кочкор районундагы “Адал-Азык” мал союлуучу цехтин ишмердүүлүгү менен таанышты. Үй жандыктарын союуда ишканада заманбап ыкмалар колдонулат.

“Ушул сыяктуу ишканаларды колдоо менен мамлекет өлкөдөгү айыл-чарбанын өнүгүшүнө түрткү берет. Ошондой эле өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатуу үчүн маанилүү болуп саналат. Бул үчүн өндүрүштүн керектүү көлөмүн, түрүн жана сапатын камсыз кылуу керек”, — деп сөзүн аяктады Премьер-министр.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=104828