2017-жылдын 9 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 3 624 жазуу түрүндөгү жана 1145 жарандардын оозеки кайралуулары келип түшкөн

2017-жылдын 9 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 3 624 жазуу түрүндөгү жана 1 145 жарандардын оозеки кайрылуулар кабыл алынган.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына -174 кайрылуу, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – 572, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы аркылуу – 661 кайрылуу, электрондук кайрылуулардан – 620, КМШ жана башка чет өлкөлөрдөн 16 арыз түшкөн.

Дээрлик арыздар, даттануулар жана сунуштар Бишкек шаарынын жашоочуларынан – 1229 (33.91%), Чүй облусунан – 625 (17,24%) жана Жалал-Абад облусунан – 420 (жалпы санынан 11,59%) түшкөн.

2017-жылдын 9 ай ичинде жарандардан түшкөн кайрылууларда ар кандай маселелер камтылган, алардын ичинде: социалдык кызматтын жумуштары, пенсия, жеңилдик, жөлөк пул жана материалдык жардам көргөзүү боюнча (407 кайрылуу, кайрылуулардын жалпы санынан 11,23%), турак-жай маселери (356 же 9,82%), билим жана илим (294 же 8,11%), агро өнөр-жай комплекси, экология, дыйканчылык жана фермердик чарба жумуштары (216 же 5,96%), жумушка орношутуруу, эмгек талаш-тартыштары жана айлык акы боюнча (193 кайрылуу, же кайрылуулардын жалпы санынан 5,32 %) түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына 2017-жылдын 9-ай ичинде 518 жаран кайрылган. Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы 22 арыздануучуну кабыл алган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү –465 жаранды, алардын ичинен 285 адамды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жарандарды жана каттарды кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=104843