Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо долбоорунун-сметалык документтерин камсыз кылууну тапшырды

12 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунундагы Кызыл-Суу айылынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу долбоору менен таанышты.

Кызыл-Суу айылында 13 миңден ашык калк жашайт. Колдонулуп жаткан суу менен камсыз кылуу системасы 1960-жылы түзүлгөн.

Бул айыл 2017-2021-жылдарда таза ичүүчү суу менен калкты камсыз кылуу боюнча Дүйнөлүк банктын долбооруна киргизилген.

Белгилей кетсек, жалпы Ысык-Көл облусу боюнча аталган долбоорго 21 айылы кирген. Долбоордун баасы 2,9 млн доллар.

Азыркы учурда, долбоордун сметалык документтери иштелип чыгууда. 2018-2020-жылдары курулуш иштери башталары  пландалууда.

Ошол эле учурда,  айылдын жылытуу системасын жаңылоо үчүн жана таштанды сууну тазалоо курулуштарынын системасын жакшыртуу боюнча Европалык өнүктүрүү банкынын долбооруна камтылары пландалуда.

Премьер-министр Сапар Исаков Ысык-Көл облусунун  Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургундарын  таза суу менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашыруу максатында, сметанын долбоорун тез арада иштеп чыгууну тапшырды.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын

маалымат менен камсыздоо бөлүмү