КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 26-октябрындагы № 701 токтому
26 Тогуздун айы, 2017
Дем алыш күнүн которуу жөнүндө 2017-жылдагы дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Эки дем алыш күнү бар беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 28-октябрындагы дем алыш күнү 2017-жылдын 6-ноябрындагы жумуш күнүнө которулсун. 2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Премьер-министр С.Ж.Исаков |