ФОТОРЕПОРТАЖ – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны

30 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын январь-сентябрында социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жыйынтыктары, Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогунда ветерианардык контролду алып салуу боюнча иштер тууралуу жана Кыргыз Республикасынын ветерианардык системасын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин системаларына эквиваленттүү деп таануу жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жөнүндө талкуу болду.

Бул маселелер боюнча экономика министри Артем Новиков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекицясынын директору Калысбек Жумаканов жана Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү