Өкмөт 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

30 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун  жактырды. Тиешелүү чечим бүгүн, 30-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу финансы министри Адылбек Касымалиев маалымат берди.

«2017-жылы ИДП өсүү темпи 3,5% болору күтүлүүдө, ал эми бекитилген өсүү көрсөткүчү 2,9%. 2017-жылы гранттарды эске алуу менен мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешесинин көлөмү 156 056,5 млн. сом же, 31,6%.

2018-2019-жылдарга республикалык бюджеттин кирешелери  142 581,9 млн. сомду түзөт, көрсөтүлгөн талап 142 129,8 млн. сом», — деди ал.

Финансы министри Адылбек Касымалиев билдиргендей, 2017-жылга жалпы чыгашалардын көлөмү 177 121,4 млн. сом (35,8%  ИДПга) жетери күтүлүүдө.

«2017-жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгаша бөлүгү 162 326,8 млн. сом (35,8% ИДПга), бул 12 176,3 млн. сомго бекитилген суммадан жогору болуп саналат. 2017-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 064,8 млн. сомду түзүп, ИДПга4,3 % болот », — деди финансы  министри Адылбек Касымалиев.

Талкуунун жыйынтыгында айтылган сындарды эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга карата долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү» тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун  жактыруу чечими кабыл алынды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү