Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө “Таза Коом” долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маселе “Майкрософт” жана “Ассеко” компанияларынын өкүлдөрү менен биргеликте талкууланды

31 Тогуздун айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 30-октябрда, “Майкрософт” жана “Ассеко” компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушууда “Таза Коом” улуттук долбоорун биргелешип ишке ашыруу иш-чаралары талкууланды.

Премьер-министр, бүгүнкү күндө санариптик экономикага өтүүнү камтыган “Таза коом” улуттук долбоорун  Өкмөт активдүү жүзөгө ашырып жатканын өзгөчө белгиледи.

Сапар Исаков бул мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин көлөмүн көбөйтөөрүн, мамлекеттик чыгымдарды оптималдаштырып, мамлекеттик органдарда тобокелчилик көрүнүштөрүнүн пайда болуусун алдын ала эскертерин баса белгиледи.

Андан тышкары Өкмөт башчы бир нече долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн  чет өлкөлүк ири компаниялар тартыларын айтып, алардын бири – санариптик медицинага өтүү долбоору экендигин белгилеп өттү.

Сапар Исаков жогоруда белгиленген долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу үчүн “Майкрософт” жа “Ассеко” компанияларын тыгыз кызматташууга чакырды.

Орто Азиядагы “Ассеко” компаниясынын өкүлү Станислав Бузала Өкмөт башчысына ыраазычылык билдирип, “Ассеко” компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө автоматизациялоо жаатында зор тажрыйбасы бар экендигин маалымдады.

Ал Чыгыш Европа өлкөлөрүндө компания жүзөгө ашырган долбоолор жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга жогоруда белгиленген  долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Майкрософт” жана “Ассеко” компаниялары менен кызматташуу маселесин изилдөө тапшырылды.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү