Премьер-министр Сапар Исаков КРнын Өзбекстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты

2 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 2-ноябрда, Ташкент шаарындагы КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республкиасындагы элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

КРнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков Өкмөт башчысына элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, дипломатиялык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн мааниси  өз өлкөсүнүн кадыр баркын көтөрүп, ал жакка инвестиция тартуу.

Андан ары Өкмөт башчы Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын Улуттук Университетинде жайгашкан Чынгыз Айтматов Өзбекстанда» аттуу туруктуу экспозициясына барды.

Экспозицияда жазуучунун чыгармалары, китептери, анын статьяларынын электрондук көчүрмөлөрү жана анын өмүр жолун чагылдырган сүрөттөрү коюлган.

Экспозиция чыгармачыл борбор катары пайдаланылып, ал жакта мугалимдер мастер-класстарды жана баарлашууларды өткөрүп турат. Ошондой эле университеттин пландарында жаш изилдөөчүлөрдүн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган илимий эмгектеринин жыйнактарын чыгаруу белгиленген.

Сапар Исаков экспозицияга Чынгыз Айтматовдун сегиз томдук чыгармалар жыйнагын тартуулап, жазуулар китебине өз каалоо-тилектерин калтырды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү