Премьер-министр Сапар Исаков Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту

3 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 3-ноябрда, Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен жолукту.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун алкагында актуалдуу маселелер талкууланды.

Тактап айтканда жетишилген сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгындагы келишимдерди ишке ашыруу, товар алмашуунун көлөмүн арттыруу, өнөр жай жана айыл чарба тармагында кызматташуу маселелери  тууралуу сөз болду.

Өкмөт башчы Сапар Исаков белгилегендей, достук мамилени чыңдоо өлкөнүн тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат.

Премьер-министр эки өлкө башчыларынын бири-бирине болгон  жумуш сапарларынын алкагында ишке ашкан келишимдерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүрүп жатканын баса белгиледи.

Сапар Исаков келечекте кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы алакаларды тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев кыргыз-өзбек мамилесинин динамикалуу өнүгүшү канаттандыра турганын билдирди.

Ал мурдагы айда эки өлкөнүн бири-бирине болгон жумуш сапарлары  эки өлкө ортосундагы мамилени стратегиялык мааниге көтөрүүгө жетишкендигин баса белгиледи.

Тараптар эки өлкө ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан сырткары бүгүн, 4-ноябрда, конструктивдүү диалогду өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов келди.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү