Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамкызматынын төрага орун басарлыгы кызматынан бошотулду

9 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Пирназаров Марат Тугөлбаевич берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басарлыгы кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү