Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө Өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрдү

10 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз жыйынын ачууда Премьер-министр Сапар Исаков маалымдагандай, кечээ, 9-ноябрда, Өкмөттүн эки токтомуна кол койгон, ага ылайык, Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы жоюлуп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык түзүлөт.

«Кызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу жаңы түзүмдүк подразделениенин штаттык санын жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында башкармалыкка кызматкерлерди ишке алуу сынак негизинде ачык-айкын жүргүзүлөт. Жолдордогу абалдын татаалдыгын эске алуу менен жаңы башкы башкармалык курамын коррупцияга жана чатактарга аралашпаган кесипкөйлөрдөн түзүү зарыл», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезексиз жыйынын өткөрүү себеби болуп, өлкөнүн унаа жолдорундагы түзүлгөн кооптуу абал эсептелет.

«2017-жылдын 1-9-ноябрына дейре республика боюнча 208 жол кырсыгы катталган, анда 42 жаран каза болуп, 321 адам ар кандай даражадагы жаракаттарды алган. Беш жана он адам каза болгон жол кырсыгы коомчулукта өзгөчө талкууну жаратты. Буга катар 2017-жылдын 10 айында гана республика боюнча 5197 жол кырсыгы катталып, анда 695 адам каза таап, 7839 адам жаракат алган. Болуп жаткан окуялардын масштабын эске алуу менен биздин жолдордо эмне болуп жатканын тез арада териштирип, анын себебин аныктоо зарыл», — деди ал.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546-токтому аркылуу Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.

«Бир жума ичинде 103 пункттан турган аталган Иш-чаралар планынынын аткарылышын тыкыр талдоого алуу зарыл. Пландын пункттары негизсиз түрдө аткарылбаган учурда министрлик жана административдик ведомстволордун жоопкер жетекчилерине жана кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар колдонулат», — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Исраиловго кыска мөөнөттө төмөнкүлөрдү аткарууну тапшырды:

- милициянын жаңыдан түзүлгөн подразделениесинде сапаттуу жана кесипкөй башкаруучу курам түзүү;

- сынак негизинде кызматка таза милиция кызматкерлерин кабыл алуу;

- Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жалпы кызматкерлеринин вертикалдык баш ийүүсүн орнотуу;

- алардын функционалдык милдеттенмелеринде ишенилген участоктогу жол коопсуздугунун абалы үчүн жеке жоопкерчилигин көрсөтүү.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Премьер-министр Сапар Исаков тарабынан төмөндөгүлөр тапшырылды:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине Кыргыз Республикасындагы жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын өз учурунда аткарбаган мамлекеттик орган жетекчилеринин жоопкерчилиги боюнча сунуш киргизүүсү.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кыска мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн кылмыш жана административдик жоопкерчиликти катаалдатууну караган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун киргизүүсү;

- жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер орган подразделениелерин реформалоо боюнча ишти жыйынтыктоосу;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги менен биргеликте:

- жөө жүргүнчүлөр үчүн атайы светофордук объекттерди, жөө жүргүнчүлөр жана транспорттук каражаттар үчүн жол белгилерин, жол чийимдерин орнотуу ишин жыйынтыктоосу;

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине:

- унаа жолдорунда бөлүүчү тоскоолдуктарды (парапеттерди) орнотууну өзгөчө көзөмөлгө алуусу жана жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча ишти күчтөндүрүүсү.

4. Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министрлигине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жол кырсыгында жабыркагандарга тез арада медициналык көмөк көрсөтүү максатында кыска мөөнөттүн ичинде тийиштүү ченемдик-укуктук жана ички ведомстволук актыларды иштеп чыгып, кабыл алуусу.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине автомектептерге лицензия берүү маселеси боюнча тыкыр талдоо өткөрүп, үч жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизүүсү.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына жарандардын айдоочулук күбөлүктү алуусунда Тестирлөөнүн бирдиктүү борборун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечим долбоорун макулдашуу процедурасын тездетүүсү.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча комиссия жөнүндө Жобого жана анын Курамына, тактап айтканда, аталган Комиссия төрагалыгына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.Т Зилалиевди аныктоо жана Жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча Иш-чаралар планын аткаруу боюнча мындан аркы координацияны аталган Комиссияга ыйгаруу жаатында тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүсү тапшырылды.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү