КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүн кайра уюштуруу алкагында маморган басма сөз катчылары үчүн тренинг болуп өттү

11 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү болуп кайра уюштурулган. Аталган өзгөртүүлөр бөлүм функциясын кеңейтип, отчеттуулук боюнча ишти күчтөндүрүүгө мүмкүндүк берет.

Кайра уюштуруу алкагында бөлүмдө кызматкерлердин штаты көбөйдү. Командага бардык министрлик жана ведомстволордон командировкаланган кызматкерлер кошулду, алар өз мамлекеттик органдарына маалыматтык күн тартибин сапаттуу ишке ашырууга көмөктөшөт.

Премьер-министр Сапар Исаков министрлик жана ведомстволор жетекчилери менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин ачыктыгы маселеси боюнча 7-сентябрда өткөн кеңешмеде бийликтин коомчулук алдындагы ачыктыгынын маанилүүлүгүн белгилеген.

“Биз жарандардын сунушуна жана ЖМК сын-пикирине көңүл буруубуз керек. Министрлер жана ведомство жетекчилери ачык болуусу тийиш. Бул максатта биз кайрадан түзүлгөн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү аркылуу ар-бир министрлик жана ведомство менен тыгыз кызматташабыз”, — деди Сапар Исаков.

Ал кошумчалагандай, ишке ашырылып жаткан “Таза Коом” улуттук программасы алкагында коомчулук Өкмөттүн кандай чечимдерди кабыл алып, кандай иштерди аткарып жаткандыгын көрүүсү үчүн мамлекеттик органдар маалыматтарды ачык берүүсү зарыл.

Бөлүмдү кайра уюштурууга байланыштуу 2017-жылдын 11-ноябрында БУУӨП «Туруктуу өнүктүрүү» программалык багытынын колдоосу астында Кыргыз Республикасынын министрлик жана ведомство маалыматтык бөлүмдөрүнүн жана пресс-кызматтарынын кызматкерлери үчүн адискөйлүгүн жогорулатуу боюнча тренинг өткөрүлгөн.

“Кайра уюштуруу — бул чоң реформа. Кайра уюштурууга дейре маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн иши бир тараптуу коммуникацияга – окуяларды чагылдырууга багытталган. Учурда бөлүмдүн ыйгарым укуктары кеңейтилүүдө. Бөлүм кызматкерлеринин милдеттерине эки тараптуу байланыш: коомчулукка маалымат берүү жана кайрадан байланыш түзүү, ЖМК жарыялоолорго жооп кайтаруу жана комментарий берүү жана медиа-аянтчаларда коомдук талкууларды уюштуруу кирет. Ошондой эле бөлүм бардык министрдик жана ведомстволор тарабынан Өкмөттүн маалыматтык күн тартибинин аткарылышын координациялайт жана мамлекттик органдардын коомдук байкоочу кеңештеринин ырааттуу ишин камсыздайт”, — деди тренинг катышуучуларына Премьер-министрдин кеңешчиси Гүлнура Торалиева.

Иш-чаранын максаты пресс-кызматтар тарабынан чыгарылган маалыматтык материалдардын сапатын жогорулатуу, кызматкерлердин маалыматтарды иштеп чыгуу жана аларды маалыматтык продуктулар үчүн пайдалануу боюнча билимдерин кеңейтүү болуп саналат.

Тренинг учурунда алдыңкы ЖМК өкүлдөрү маморган маалыматтык бөлүмдөрүнүн жана пресс-кызматтарынын кызматкерлерине медиа менен байланыш түзүүнүн жаңы ыкмалары тууралуу айтып берип, маалымат массивдери менен иштөө техникасын жана инфографика түзүү ыкмаларын  көрсөтүштү.

Окутууга маморгандын 35 кызматкери катышты. Келечекте коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү тарабынан мындай тренингдер такай жүргүзүлүп турмакчы.

Аталган иш-чаранын актуалдуулугу Өкмөт тараптан ишке ашырылып жаткан “Ачык маалыматтар” саясаты менен негизделген, ал жарандар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн мамлекеттик органдар тараптан көлөмдүү маалыматтардын ачыкталышы аркылуу мамлекеттин жарандар алдындагы айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыздайт. Саясат “Ачык Өкмөт” (Open Government Partnership) Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин алкагында ишке ашырылууда, учурда ага кошулуу боюнча даярдык иштери жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү