Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков никеге турууга электрондук түрдө арызын берген жаш жубайлардын никесин каттоо аземине катышты

13 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республкиасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда, Султанов Чынгыз менен Авазова Гүлзаттын жана ошондой эле Конокаалы уулу Ынакбек менен Дүйшөнаалы кызы Жанарынан никелерин каттоо аземине катышты.

Жаш жубайлар ушул жылдын 10-октябрында, КР Коомдук телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирде көрсөтүлгөн мамлекеттик электрондук тейлөө порталы аркылуу алгачкылардан болуп электрондук түрдө никеге катталуу тууралуу арыз беришкен.

Өкмөт башчы жаштарга кайрылып жатып, алардын жашоосундагы кубанычтуу окуя менен куттуктап, алардын башкаларга үлгү болуп жаткандыгын баса белгиледи.

«Өлкөдөгү «Таза Коом» улуттук программасынын алкагында мамлекеттик электрондук тейлөө порталы ишке кирген. Анын натыйжасында жаштар биринчилерден болуп никеге турууга арыз беришкен. Силер электрондук каттоодон өткөн алгачкы жубайлар катары башкаларга үлгү боло алдыңар», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр жаш жубайларга эстеликке белегин берип, аларга үй-бүлөлүк бактылуу жашоо жана бекем ден соолук каалады.

Эскерте кетсек, мамлекеттик электрондук тейлөө порталы ушул жылдын 10-октябрында Премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусунда өткөн.

Бүгүнкү күндө порталга 17 мамлекеттик  кызмат көрсөтүү жүктөлгөн, аларды колдонуучулар онлайн түрүндө пайдалана алышат.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү