Премьер-министр Сапар Исаков Беларустун Элчиси Андрей Страчко менен жолугушту

14 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-белорус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу темасы талкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Белорус менен өз-ара пайдалуу кызматташтык негизинде маселелердин бардык тармагы боюнча мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Сапар Исаков кыргыз тараптын санариптик өнүктүрүү жана алдыңкы IT-технологияларды киргизүү боюнча белорус тажрыйбасын иликтөөгө кызыкдарлыгын баса белгиледи. Тактап айтканда, Премьер-министр фискалдык тутумду автоматташтыруу боюнча Белорустун оңдуу тажрыйбасын белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Беларус  элчиси Андрей Страчко белгилегендей, эки тараптуу күн тартиптин келечектүү багыты катары Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» улуттук долбоору саналат. Ошондой эле ал Мамлекеттик электрондук тейлөөлөр порталын ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүндүгүн белгиледи.

Андрей Страчко кыргыз-белорус өкмөт аралык комиссиясынын алгылыктуу ишин белгилеп, мамлекеттик органдар анын кенешмелеринин жыйынтыгы боюнча тийиштүү иш  алып барып жаткандыгын канагаттануу менен белгиледи.

Жолугушууда тараптар ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, билим берүү тармагындагы биргелешкен кызматташтык келечегин, ошондой эле өз-ара Маданият жана кино күндөрүн өткөрүү мүмкүндүгүн талкуулады.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү