Премьер-министр Сапар Исаков ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Сочи шаарына келди

30 Жетинин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-ноябрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) 16-жыйынына катышуу үчүн келди.

Сочи шаарынын эл аралык аэропортунда Өкмөт башчыны Краснодарск крайынын вице-губернатору Василий Швец тосуп алды.

Өкмөт башчынын ШКУ ӨБК кеңешинин жыйынына катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүүсү пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, жыйындар тар жана кеңейтилген курамда өтөт, анда ШКУга мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча чаралар, ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар тараптуу соода-экономикалык кызматташтык Программасын аткаруу боюнча Иш-чаралар планынын ишке ашырылышы, 2017-2021-жылдарга Уюм алкагында долбоордук ишти мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы, ШКУ алкагындагы долбоордук иштерди финансылык жактан камсыздоо механизмдери ж.б. маселелер талкууланмакчы.

Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлушу пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү