ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарындагы ШКУ ӨБК кезектеги жыйынына катышты

1 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 30-ноябрь – 1-декабрда, Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынына катышты.

ШКУ ӨБК 16-жыйынына катышуу алкагында Өкмөт башчы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян, Афганистандын Аткаруучу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла жана Пакистандын Премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө Уюм алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу темалары талкууланды.

ШКУ ӨБК жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү