Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган окуучу менен жолукту

5 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 5-декабрда, менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Нурхан Таштановду жеңиши менен куттуктап, эстелик белектерди тапшырды. «Биз Кыргызстандын желегин дүйнөлүк мелдештерде көтөрүп жаткан Нурхан сыяктуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз», — деди Сапар Исаков.

Ошондой эле, Өкмөт башчы келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп,  ыраазычылыгын билдирди.

Нурхан Таштанов 1- октябрда Тайланддын Банког шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада  биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү