Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары телефон аркылуу эки тараптуу кызматташтык маселесин талкуулашты

7 Бештин айы, 2017

Бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефондук сүйлөшүүсү орун алды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчылар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн өкмөттөрү ортосундагы өз ара мамилердин жогорку деңгээлин белгилеп кетишти.

Ошондой эле тараптар мамлекет башчылар ортосундагы буга чейинки жетишилген макулдашууларга ылайык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн колдон келген күч аракеттерди жумшоо ниеттерин тастыкташты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү