Кыргыз авиациялык колледжи авиациялык институт болуп кайра түзүлдү

7 Бештин айы, 2017

И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту болуп кайра түзүлдү. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Чечим республикадагы авиациялык ишканалардын жогорку авиациялык билими бар адистерге муктаждыктарын эске алуу менен кабыл алынган. Буга байланыштуу мурдагы инфрактруктуранын базасында авиация багыты боюнча жогорку жана орто кесиптик адистерди даярдаган заманбап ЖОЖ түзүлөт.

Негизги басым атамекендик ишканалардын билдирмелери боюнча адистерди даярдоого багытталып, кийин жакынкы жана алыскы өлкөлөр үчүн да адистерди даярдай баштайт.

Долбоордун ишке ашышы биринчи кезекте Кыргыз Республикасы үчүн оң таасирин берет, анткени, бүгүнкү күндө заманбап авициялык окуу жайга муктаждык бар.

Аны менен катар, ал регионалдык жана эл аралык мүнөзгө ээ, анткени башка өлкөлөргө билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөр бар.

Аба транспорту өлкө үчүн  стратегиялык мааниге ээ жана өлкөнүн жалгыз авиациялык окуу жайынын келечектеги өнүгүшү, ошондой эле бүтүндөй атамекендик жарандык авиациянын өнүгүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Аталган чечим ошондой эле Өкмөттүн «Жаны доорго – кырк кадам» программасынын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган («Сапаттуу инфраструктура» реформа Програмасы V).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү