Козукеев М.Ж. жөнүндө некролог

9 Бештин айы, 2017

Козукеев Марат Жумабекович

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады – 47 жаш курагында Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Козукеев Марат Жумабекович мегилсиз дүйнө салды.

Марат Козукеев 1970-жылы чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган.

Ал 1988-1992-жылдары Н.К.Черкасов атындагы Ленинграддагы театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.

1992-1993-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөрдүн театрында эмгектенген.

1993-жылдан тарта – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын актёру, режиссеру, акыркы кездерде көркөм жетекчиси болгон.

Анын Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолундагы” Касымдын, Уильям Шекспирдин “Король Лириндеги” Эдгардын, Николай Гоголдун “Үйлөнүүсүндөгү” Подколесиндин “Курманжан датка” эпикалык драмасындагы Камчыбектин ролдорун аткаргандыгы актерлук чеберчиликтин улуттук мектебиндеги өзгөчө көрүнүш катары орун алды.

Ошондой эле бир катар көркөм тасмаларда эсте калган жаркын образдарды жараткан.

Улуттук маданиятка жана улуттук искусствого кошкон чоң салымы үчүн Марат Козукеевге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган. Муратбек Рыскулов жана Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Марат Козукеевдин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгысын тең бөлүшөбүз. Анын жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.

C.Ж.Исаков, А.Т. Усенов, А.А.Шадиев, Ч.А.Султанбекова, Н.С.Момуналиев, С.Ж.Жумагулов, У.А.Карагулов, Б.Жакиев, Б.Ш. Секимов, А.К.Жаманкулов, Т.Казаков, К.Сартбаева, Т.Сейталиев, А.Токомбаева, Р.Н.Чокоева, Э.Муктарова, С.Далбаев, М.Далбаева, Ж.Сейдакматова, Т.К.Жаманбаева, М.Шаршенбаев, Ж.Кулмамбетов, А.Осмонов, С.Чоткараева, И.Раимкулова, М.А. Бегалиев, Т.Мураталиев, Б.Осмонов, К.Осмонов, Н.Мендебаиров, Ч.Думанаев, З.Сооронбаев, Э.Бекболиев, Ж.Каниметов, Э.Чалабаев.