Кубанычбек Кулматов КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

11 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Кулматов Кубанычбек Кеңешович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекетик бажы кызматынын жаңы жетекчилиги астында Кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажылык жөнгө салуу жаатындагы абалды жакшыртууга багытталган бир катар так милдеттер коюлган.

Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовдун мыкты кесипкөйлүгүн жана тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында 2010-2013-жылдары өлкөдөгү бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2,5 эседен ашуун жогорулагандыгын эске салды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү