Сапар Исаков 2017-18-жылкы социалдык обьектилердин курулушу маселесин талкуулап, бир катар тапшырмаларды берди

28 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 28-декабрда, 2017-жылкы социалдык обьектилердин курулушун жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, бүгүнкү күндө үстүбүздөгү жылга пландаштырылган объектилердин 90% каржыланган. Анын айтымында, пландаштырылган социалдык маанидеги 90 обьектинин 76 объектиси жыйынтыкталган.

Өкмөт башчы белгилегендей, аймактарды социалдык-маданий обектилер менен камсыздоо биринчи кезектеги милдеттерден болуп саналат. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган обьектилердин курулушунун жүрүшү тууралуу сөз болду. Сапар Исаков белгилегендей, аталган обьектилердин курулушунда анын сапатына жана курулуш талаптарына жооп берүүсүнө өзгөчө басым жасоо керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун маалыматына ылайык, жабыркаган райондордогу курулуш иштери аткарылууда, тышкы жасалгалоо иштери гана убактылуу токтотулган.

Белгилесек, 2017-жыл башында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жактыруусунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү артыкчылыктуу жана ыкчам милдеттерди каржылаган. Атап айтканда, алардын катарына республиканын түштүгүндөгү өзгөчө кырдаалдар кесепетин жоюу, Балыкчы – Корумду, Бишкек-Ош унаа жолдорун, ошондой эле республиканын райондук борборлорунун жолдорун реконструкциялоо кирет. Ошондой эле каражаттар ирригациялык тутумдарды реконструкциялоо жана курууга, Кыргыз мамлекеттик тарых музейи сыяктуу тарыхый жана маданий объектилерди реконструкциялоого багытталган.

Ошондой эле кеңешменин жүрүшүндө «Чалдовар – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пункту курулуш иштерине карабай кызмат кылып жатканына байланыштуу, анын реконструкциясы 2018-жылдын 20-январына чейин узартылган.  Планга ылайык, көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу 2017-жылдын 20-декабрында аяктамак.

Сапар Исаков катипалдык курулушту ишке ашырууну өзгөчө көзөмөлгө алуу жана ал тууралуу Кыргыз Республикасынын Аппаратына маалымат берип туруу тапшырмасын койду. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине коррупцияны жана сапатсыз кызматты алдын алуу үчүн жогорку натыйжалуу курулуш компанияларды аккредитациялоо керектигин белгиледи.

Ошондой эле, Премьер-министр тарабынан мурда башталган социалдык-маданий маанидеги объектилердин курулуштарын  азайтуу максатында Премьер-министр тарабынан тийиштүү органдарга «Капиталдык салым» беренеси боюнча 2018-жылдагы республикалык бюджеттен каржылоого сунушталып жаткан объектилерди жана курулуштардын тизмесин түзүүдө 70% даярдыктагы, жыйынтыктала элек объектилерди кошуу тапшырмасы берилди.

Андан соң жарандардын ооруканада жаткан шарттары, тактап айтканда, лифт жана дааратканалардын абалы тууралуу маселе коюлду. Сапар Исаков аталган социалдык объектерди максималдуу түрдө заманбап стандарттагы тийиштүү лифт жана дааратканалар менен камсыз кылуу зарылдыгын кошумчалады.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү