Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облустук ооруканасынын бүткөрүлбөгөн имаратынын курулушун жыйынтыктоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында облустук бириккен оорукананын абалы менен таанышты.

Тактап айтканда, Өкмөт башчы медициналык палаталарды кыдырып, япон мамлекети тараптан грант түрүндө берилген гемодиализ үчүн заманбап аппараттын иши менен таанышып, оорукананын медициналык кызматкерлери жана бейтаптар менен маектешти.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымдагандай, Нарын облустук ооруканасынын медициналык кызматкерлери үчүн аталган аппаратты пайдалануу боюнча атайын окуу курстары өткөрүлгөн.

Премьер-министр акырындык менен республиканын облустук жана райондук ооруканалары гемодиализ үчүн заманбап аппараттар менен камсыздалышы тийиш экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Сапар Исаков Өкмөт тарабынан өлкөнүн аймактарындагы ооруканаларды реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча иштер улантылаарын билдирди.

Аны менен катар Өкмөт башчы курулушу каржылоонун жоктугунан токтоп турган Нарын облустук ооруканасынын салынып бүтө элек эки кабаттуу имаратын көрүп чыкты.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам тартипте аталган объекттин курулушун бүткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=109838