Премьер-министр Сапар Исаков «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы имаратын пайдаланууга берилишин тездетүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты.

Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму ишке киргизилген.

Өкмөт башчы аталган тутумду өлкөнүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков курулушу кытай мамлекети тарабынан гранттык көмөк көрсөтүү алкагында жүргүзүлүп жаткан «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы имаратын көрүп чыкты.

Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери жыйынтыкталды. Имаратта административдик бөлмөлөр, ашкана жана жатакана каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов «Торугарт-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун модернизацияланган инфраструктурасы ЕАЭБдин бардык стандарттарына жооп берет жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө жагымдуу шарттарды камсыздоого мүмкүндүк түзөт деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=109853