Өкмөттүн Аппарат жекетчиси – министр Нурханбек Момуналиев жарандарды президенттик шайлоону өткөрүүгө активдүү катышкан жарандарды сыйлады

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө бир катар жарандар кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы, ошондой эле 2017-жылдын 15-октябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланышты. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасы 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгилеп кетти.

«Биометрикалык малыматтарды чогултуп жатканда жарандар арасында көптөгөн нааразычылыктар болгон. Көбү жаңы технологиялар менен шайлоону өткөрө аларыбызга ишенген эмес. Бирок ага карабай биз шайлоону биометрикалык маалыматтардын негизинде өткөрө алдык. Жалгыз эле КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары эле эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн байкоочулары дагы жакшы баасын берген. Андан кийин 2017 – жылы биз президенттик шайлоону ошол эле биометрикалык маалыматты колдонуу схемасы менен өткөрдүк. Шайлоо жогорку деңгээлде уюштурулган», – деди Нурханбек Момуналиев.

Аппарат жетекчи шайлоо эркин жана ачык өткөнүн, ошондой эле, анын жыйынтыктарын өлкөнүн жарандары, дүйнөлүк коомчулук тааныганын өзгөчө белгилеп кетти.

«Көптөгөн өлкөлөр шайлоо өткөрүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүүнү каалап жатканын билдиришкен. Кыргызстанда эркин миссия жүргузүп жаткан эл аралык байкоочулар биздин шайлоо системабызды окуп чыгып, өздөрүнө колдонууга даяр экенин билдиришкен. Биз үчүн бул чоң сыймык», – деп айтып, буга шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө салымын кошкон жарандардын эмгеги зор экенин белгилеп кетти.

«Сиздер болбосоңор бул шайлоону ачык жана таза өткөрүү күмөн эле. Барыңар өз ишиңерди жогорку деңгээлде аткара алдыңар», – деди Нурханбек Момуналиев.

Анын айтымында алдыда Кыргызстанда өлкөнүн социалдык-экономикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү чоң маселелер турат. Бул өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны, «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу турат. Ал өзүнө коррупцияны жок кылып, кошумча жумуш орундарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү