Премьер-министр Сапар Исаков интернаттык мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун атынан жетим балдар жана ата-эненин камкордугусуз калган балдар үчүн интернаттык типтеги мекемелерде жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө жашаган балдар Жаңы жылга карата таттуу белектерди алышты.

Белгилесек, балдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилген маалыматтардын негизинде түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү