Премьер-министр Сапар Исаков 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун башталышына расмий старт берди

30 Бештин айы, 2017

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 30-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында өткөн 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезондун расмий ачылышына катышты.

Өкмөт башчы кышкы туризм өлкөдө жайкы туризм менен катар атамекендик экономиканы өнүктүрүүдө артыкчылыктуу тармактардын бири экендигин белгиледи.

Анын айтымында, жыл сайын кышкы спорттун түрлөрүнө кызыккан чет элдик туристтердин жана өлкө жарандарынын саны өсүүдө. Сапар Исаков белгилегендей, Кыргызстандын кышкы туризмди мындан ары дагы өнүктүрүүдө чоң мүмкүнчүлүгү бар, буга байланыштуу калктын спорттун массалык түрү, анын ичинде тоо лыжасы менен машыгуу аракеттерин колдой берээрин баса белгиледи.

«Быйылкы лыжа туристтик сезону мыктылардын бири болорууна ишенем. Мында көпчүлүгү үй-бүлөлөрү жана достору менен келишкен. Мен сиздерге, жакындарыңар менен өткөргөн убакыт бактылуу ирмемдерди тартуулашына тилектешмин»», — деди Сапар Исаков.

Премьер-министр эс алуучуларды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, аларга бакыт, ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү