Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусунда Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат

12 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапар менен барат.

Өкмөт башчы сапар алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

 коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү