Пилоттук министрлик жана ведомстволордун жетекчилери ачык маалыматтар саясатын ишке ашырууну талкуулады

12 Үчтун айы, 2018

Бүгүн, 12-аянварда, ачык маалыматтар саясатын ишке ашырууда буга чейин Кыргыз Республикасынын пилоттук мамлекеттик органдары катары тандалып алынган министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда кеңешме болуп өттү.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кенешчиси, ачык маалыматтар саясатын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси Гүлнура Торалиеванын төрагалыгы астында өттү.

Жолугушууда ведомстволордо камтылган баштапкы маалыматтардын мүнөзү жана форматы, алардын жаңыртылып турушу, «Түндүк» ведомство аралык электрондук карым-катнаш тутумунун колдонулушу жана техникалык адистердин болушу тууралуу талкуу жүрдү. Аны менен катар, ачык маалыматтар саясатын ишке ашыруу боюнча ведомство аралык жумушчу топтун курамына ар бир мамлекеттик органдан компетенттүү кызматкерлердин талапкерлер тизмеси актуалдаштырылды.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын декабрь айында ачык маалыматтар саясатын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына мамлекеттик органдардын, донордук уюмдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киргизилген.

«Ачык маалматтар саясатын ишке ашыруу санариптик трансформация жана электрондук өкмөткө өтүү жолундагы биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Биздин өлкөнүн «Open Government Partnership» демилгесине кошулуусу ачык маалыматтар жаатында, ага катар электрондук түрдө ачык мамлекеттик сатып алууларды жана мамлекеттик кызматтарды камсыз кылуудагы сапаттык жыйынтыктарга жетишүүгө карата болгон биздин чечимибизди бекемдетет», – деди Гүлнура Торалиева.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү