Премьер-министр Сапар Исаков Манас районундагы орто мектептин ачылышына катышты

12 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Өкмөт башчы белгилегендей, бул сыяктуу билим берүү мекмелеринин курулушу өлкөнүн өнүгүп жаткандыгынын көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Бүгүнкү күндө бүтүн республика боюнча жаңы билим берүү мекемелеринин жана социалдык обьектилеринин курулушу жүрүп, ал эми курулушу аяктабаган имараттар бүткөрүлүүдө.

«Жалпыбызга маалым болгондой, билим берүү – мамлекеттин негизин түзөт, ошондуктан Өкмөт аталган тармакка өзгөчө көңүл буруп келген жана бул ишти уланта берет», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр маалымдагандай, аталган мектептин спорттук залын курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.

Өз сөзүндө Сапар Исаков Май айылындагы орто мектеп келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошчу лидерлерди тарбиялап чыгаарына ишеним билдирди.

«Мамлекеттин негизги милдети катары, коомдо динамикалуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр орун алып жатканда сапаттуу билим алуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп саналат», – деп жыйынтыктады сөзүн Өкмөт башчы.

Салтанаттын соңунда Премьер-министр Сапар Исаков билим берүү мекемесинин директоруна заманбап компьютердик техника менен жабдууга акчалай сертификат тапшырды.

Маалымдама: Талас облусунун Манас районунун Май айылындагы орто мектеп 320 окуучуга эсептелген. Курулуш иштери 2012-жылы башталган.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү