ФОТОРЕПОРТАЖ — Премьер-министр Сапар Исаков Талас облусуна жумушчу сапары менен барды

12 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, жумушчу сапары менен Талас облусуна барды.

Өкмөт башчы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылыш аземине катышты.

Премьер-министр жумушчу сапарынын алкагында ошондой эле Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты.

Сүрөтөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү