Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш бирдиктүү төлөөчү тутумда иштөөчү саламаттык сактоо мекемелеринин 2018-жылга карата каржылоо нормативдерин жактырды

27 Үчтун айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекованын төралыгы астында Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Байкоочу кеңештин күн тартибинде: “Бирдиктүү төлөөчү тутумда иштөөчү саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2018-жылга карата каржылоо нормативдерин жактыруу” маселеси каралды. Кеңешменин жүрүшүндө вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фондунун ишин кескин сынга алды.

Тактап айтканда, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине жарандардан саламаттык сактоо мекемелеринде көрсөтүлгөн медициналык жардамдын сапаты жана бейтаптардын чөнтөгүнөн алынган расмий эмес төлөмдөр тууралуу көп санадаган арыздар түшкөндүгүн билдирди.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фонду тараптан мамлекет тарабынан бөлүнүп берилген каражатты ачык жана натыйжалуу пайдалануу болбой жаткандыгын белгилешти. Жыйындын соңунда Саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш мүчөлөрү бирдиктүү төлөөчү системада иштөөчү саламаттык сактоо уюмдарынын 2018-жылга карата каржылоо нормативдерин жактырды.

Андан тышкары, байкоочу кеңеш мүчөлөрү тарабынан Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фондунун милдеттерин кайрадан карап чыгуу максатында жумушчу топ түзүү зарылдыгы, мындан тышкары Кыргызстандын жарандарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү жана медициналык кызматтарды алууну жеңилдетүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча фондунун өз ара аракеттешүү Регламентин иштеп чыгуу тууралуу чечими кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү