Өкмөттө Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги кеңешмеси өттү

7 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун төрагалыгы астында бүгүн, 7-февралда, эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги кеңешмеси өттү.

Өкмөт башчы бардык юбилейлик иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Премьер-министр белгилегендей, ал үчүн бардык тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик ыкчам жана натыйжалуу чараларды кабыл алуусу керек.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм миинистринин орун басары Айнура Султанбаева маалымдагандай, юбилейлик иш-чараларды өткөрүү боюнча 52 пункттан турган мурдараак бекитилген план актуалдаштырылып, кеңейтилген, буга байланыштуу бүгүнкү күндө анда 19 пунктту ишке ашыруу каралууда.

Ошондой эле ал жогоруда аталган Планды ишке ашыруу чаралары жана мөөнөтү тууралуу маалымат берди, анда эл аралык интеллектуалдык Ысык-Көл форумун, жазуучунун чыгармачылыгына жана басып өткөн жолуна арналган эл аралык театралдык фестивалдарды жана илимий конференцияларды өткөрүү, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча кыргыз, орус, англис тилиндеги маалыматтык материалдарды иштеп чыгуу, анын чыгармалары боюнча музейдик экспозицияларды уюштуруу, тасмаларды жаратуу жана башка иш-чаралар каралган.

Мындан тышкары, жазуучунун туулган айылы Талас облусунун Шекер айылында  «Чыңгыз-Ордо» маданий комплексинин курулушун баштоо каралууда, аны Ч.Айтматовдун 100 жылдыгына карата жыйынтыктоо пландаштырылууда. Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм миинистрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен биргеликте архитекторлор арасында аталган комплекстин концепциясын жакшыртууга сынак жарыялоону тапшырды.

«Биз юбилейлик иш-чараларды ишке ашыруунун активдүү фазасына кирүүдөбүз, буга байланыштуу бардык зарыл чараларды ыкчам тартипте кабыл алуу зарыл. Буга катар белгилүү жазуучунун чыгармачылыгын өлкө ичинде жана анын аймагынан сырткары жайылтуу боюнча иш-чаралар топтомун ишке ашырууну баштоо зарыл», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Кеңешменин соңунда Премьер-министр айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен юбилейлик иш-чаралардын Планын актуалдаштырууну  тапшырды.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү