Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев Транспорт жана жолдор министрлигинин ишинин жыйынтыктарын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев бүгүн, 9-февралда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык ишине катышты.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевдин айтымында 2017-жылы өлкөнүн жол транспорт тармагын жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштер жасалды.

«Бир катар инфраструктуралык долбоорлор башталды, жаңы жол куруу техникаларга ээ болдук, Бишкек-Нарын-Торугарт, Түндүк-Түштүк альтернативдик жол сыяктуу эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо уланууда, командалык-диспечердик мунара ишке киргизилди жана Тамчы айылында «Ысык-Көл» аэропорт реконструкцияланды», -деди ал

Транспорт жана жолдор министрлигинин 2017-жылдагы иштеринин натыйжалары тууралуу маалыматты угуп, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев ведомствонун ишмердүүлүгүндөгү оң жыйынтыктарды айта кетип, ага катар чечүүнү талап кылган бир катар маселелерге токтоло кетти.

«Региондордо иштеп жүргөндө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы жагдайларга өзүм күбө болгом. Подрядчиктердин ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу керек. Тилекке каршы, подряддык компаниялардын иши сапаттуу аткарылып жатабы, жетиштүү деңгээлде көзөмөл жок», —деп белгиледи ал.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев салмак-габариттик көзөмөл пунктарынын ишин жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Айрым таза эмес кызматкерлер ашыкча жүк жүктөлгөн унааларды өткөрүү менен, кайра эле Министрлик салган жолдорду талкалатып жатышат. Адамдык фактор дагы роль ойноп жатат. Салмак-габариттик көзөмөл пунктарынын ишин жөнгө салуу үчүн, аны аутсорсинге берүү маселесин иштеп чыгуу керек. Аны менен катар «Ысык-Көл кемечилиги» мамлекеттик ишкана дагы өзгөчө көнүлдү талап кылат. «Ысык-Көл кемечилигин»  Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканага өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын токтому чыккан. Бул кемечеликтин ишине жаңы дем берет деген ишеничим бар»,- деди вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=111893