Премьер-министр Сапар Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешмесине катышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 9-февралда, Бишкек шаарынын мэриясынын 2017-жылкы ишинин жыйынтыгы жана 2018-жылга карата пландарын талкуулоо боюнча коллегиялык кеңешмесине катышты.
Өкмөт башчы Сапар Исаков Бишкек шаарынын мэриясынын өткөн жылдагы жакшы ишин белгилеп, муниципалитеттин бардык кызматкерлерин жана шаардыктарды инфраструктуралык долбоорлорду жана жалпы эле өлкөнүн жана борбордун тышкы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырды.
«Акыркы жылдары өлкөдө урбанизация процесси байкалууда. Муну эске алуу менен биз борборубуздун тышкы көркү, шаардыктардын жана шаар меймандарынын коопсуздугу тууралуу кам көрүүбүз зарыл.Учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар башталды», – деп белгиледи Сапар Исаков.
Премьер-министр ошондой эле жакынкы арада жалпы өлкө боюнча 3 айлык «Таза Жашоо» акциясы өтөөрүн маалымдады.
«Мен, Премьер-министр катары, аталган демилгени жетектемекчимин, анын алкагында биз жалпы республика аймагын тартипке келтиребиз. Биз инфраструктураны жакшыртуу боюнча ишти активдештирүүбүз керек», – деди ал.
Шаар мэри Албек Ибраимов белгилегендей, өткөн жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө кеңешме өтүп, анда мэрия тарабынан 17 артыкчылыктуу маселе көтөрүлгөн, аларды чечүү үстүндө активдүү иш жүрүүдө.
Жыйынтыгында Өкмөт башчы «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашыруу менен кылмыштардын саны азаярын кошумчалады, анткени, Бишкек шаары боюнча орнотулган видеокамераларда адамдын жүзүн таануучу функциялар каралган.
«Мындай камералар коомдук жайларда жана эл жыш жүрчү кесилиштерде орнотулат. Камералардын маалыматы командалык борборго жөнөтүлөт, анда мэриянын, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү кезекте турушат. Буга катар борбордогу экологиялык абалды жакшыртуу максатында газ менен жүргөн жаңы автобустарды жана троллейбустарды сатып алуу маселеси иштелүүдө, алардын ишке киргизилиши шаар экологиясына пайдасын келтирет», – деп жыйынтыктады Сапар Исаков.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=111898