Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Саламаттык сактоо министрлигинин жыл жыйынтыгы боюнча коллегиянын ишине катышты

9 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 9 февралда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдагы иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга коюлган милдеттери боюнча ведомствонун коллегиялык ишине катышты.

Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты Башкармалыгынын жетекчиси Саматбек Тойматовдун маалыматына ылайык, 2017-жылы министрлик тараптан республиканын калкынын саламаттыгын сактоо жана жакшыртууга багытталган иш-чараларды өткөргөн. Алар демографикалык көрсөткүчтүрдү жакшыртуу жана калктын ар кандай оорулардан каза болгон көрсөткүчтөрүн төмөндөтүүгө багытталган.

«Калктын өлүм күрсөткүчтөрү калктын санына 1000 ден 5,3 түздү (2016 жылы – 5,5; төмөндөө 0,2%). Өлкөдөгү өлүмдүн эң негизги себеби кан айлануу системасы болуп саналат – 51,9% (2016 жылы – 50,8%), жаңы оорулар  – 11,6% (2016 жылы – 11,7%), өлүмдүн тышкы себептери– 8,6% (2016 жылы – 8,3%), ичеги органдары – 6,3% (2016 жылы — 6,4%), дем алуу системасы — 5,6% (2016 жылы — 6,0). Баса белгилеп кетчү нерсе, өлүмдүн тышкы себептеринин негизги үлүшү болуп жаракаттан каза болгондордун негизги себебин түзгөн, жол кырсыктарына туура келет» — деди ал.

Анын маалыматына ылайык: өлкөнүн калкына саламаттык сактоонун баштапкы жардамын 64 Үй бүлөөлүк медицина борбору, 28 дарыгерлердин жалпы практикалык борбору, анын ичинде 698 Үй бүлөөлүк дарыгерлердин тобу, 17 Үй-бүлөөлүк дарыгерлердин өз ара юридикалык топтору жана 1041 Фельдшердик-акушердик пунктар көрсөтүп жатышты. Медициналык тез жардамды калкка 2 борбор жана 128 медициналык тез жардам бөлүмдөрү көрсөткөн, алар 2017-жылдын ичинде 757749 адамды тейлеген.

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча ысыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрү 4,5% төмөндөшү белгиленет, алар 1000 тирүү төрөлгөнгө 15,2ди түздү, 2016 жылы 16,6 болгон. Энелердин өлүмүнүн 1,4% өсүүсү белгиленген, республика боюнча 48 кош бойлуу аял төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болгон. Энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 тирүү төрөөгө 31,2 түзгөн (2016-жылы республика боюнча 48 аял каза болгон, көрсөткүч 30,8).

Саламаттык сактоо министрилигинин жыл жыйынтык маалыматы менен таанышып, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ведомствонун жакшы жактарына, ошондой эле чечүүнү талап кылган бир нече суроолоруна токтолду.

“Саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир топ иштер аткарылды. Мисалы: «Бишкек кыргыз-түрк достук ооруканасынын» долбоору боюнча курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берүү үчүн даярдык иштери өткөрүлүүдө; Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен Ош шаардык ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу жүрүп жатат; «Энени жана баланы коргоо» долбоорунун алкагында Перинаталдык борбор курулуп жатат; Жалал-Абад областтык ооруканасынын шашылыш жардам берүү бөлүмүнүн жана 150 орундук Улуттук онкология жана гематология борборунун имараттары курулуп башталды», – деди ал.

Ага катар, Чолпон Султанбекова  жакынкы келечектеги негизги көйгөйлөргө жана маселелрге токтолуп кетти.

Эң негизги көйгөйлөрдөн ал, саламаттык сактоо системасынын баштапкы деңгээлде кызмат көрсөтүүсүнүн начарлыгын, калкка сапаттуу саламаттык сактоо кызматын көрсөтүүнүн жана даары-дармектерге калк жеткиликтүү деңгээлде эместигин, өзгөчө айылдарда жана алыскы райондордо жана медициналык кызматкерлердин милдеттерин так аткарбагандыгын жана мыйзамсыз акча каражаттарын талап кылыгандарын түшкөн арыздарды белгилеп кетти.

Андан тышкары вице-премьер-министр, Саламаттык сактоо министрлигинин КР Милдеттүү камсыздандыруу фонду, ошондой ошол мамлекттик органдардын коомдук кеңештери менен өз ара байланышуу көйгөйлөрүнө токтолуп кетти. Эки орган ортосундагы жөнгө салынган конструктивдүү иштин жоктугу калкка кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына түздөн түз таасирин берет. Эки органдын жетекчилигине аудит бөлүмдөрүнүн функциялары уйкаш келсе, эки ведомстволордогу аудит бөлүмдөрүнүн болуу зарылчылыгы барбы деген маселе коюлган. Чолпон Султанбекова ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы коомдук кеңештерди саламаттык сактоо системасында көйгөйлүү жана кризистик зоналары табылганда тез арада аларды чечүү жолдорун сунуштоого чакырды.

“Жаны доорго кырк кадам” программасынын алкагында саламаттык сактоо тармагына так мидеттер коюлган жана ал милдеттер өз убагында, толугу менен аткарылышы зарыл. Бул программанын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет: баштапкы медициналык жардам берүү, коомдук саламаттык сактоо тармагы жана кечиктирилгиз тез жардам бюнча калкты толук көлөмдө жана жогорку сапаттагы медициналык кызмат менен камсыз кылуу, калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселеси боюнча профилактикалык кызматты күчөтүү, эл арасында сергек жашоо жана сапатту тамактануу жөнүндө кеңири маалыматты жайылтуу, саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жаңы объекттерди куруу жана медициналык жабдыктарды модернизациялоо, медициналык кызматкерлердин ишин жана дарылоо диагностикасын эффективдүүлүгүн көбөйтүп, жана коомчулукка жеткиликтүүлүгүн күчөтүү үчүн информациялык технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу”, – деди Чолпон Султанбекова.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү