Премьер-министр Сапар Исаков Дубай шаарынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 10-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин ишине катышуу алкагында Дубай шаарынын (БАЭ) полициясынын Штаб-квартирасында болуп, анда полициянын ишмердүүлүгү жана «Акылдуу шаар» коомдук тартипти коргоодогу алдыңкы технологиярды колдонулушу менен таанышты.

Дубай полициясынын башчысы Абдулла Халифа Аль Марри сегиз миң камера, ошондой эле мобилдик жабдуулар, спутник жана дрондун жардамы менен шаардын көчөлөрүдөгү абалды түз байгоого алуу башкаруу борбору менен тааныштырды. Аталган жабдуулар автоматтык түрдө укук бузууларды жана жарандардын жүзүн аныктайт.

«Биздин максат дүйнөдө эң коопсуз шаар болуу. Бул жакта заманбап маалыматтык технологиялар жана жогорку адистүү полиция кызматкерлери коомго кызмат кылышат. Штаб-квартиранын ишинде жасалма интеллект колдонулат», – деди Дубай шаарынын башчысы, генерал-майор Абдулла Халифа Аль Марри.

Премьер-министр Сапар Исаков Штаб-квартираны ишмердиги менен таанышуу Кыргызстанда «Акылдуу шаар» проектисин ишке ашырууга тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

«Бул жерде жогорку кесипкөй команда чогулуптур, жана сиздердин топтогон тажрыйбаңар бизге керек. Аталган долбоорду ишке ашыруу менен жол кырсактардын жана кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрү бир топ эле төмөндөйт деп күтүп жатабыз. Шаарларда камераларды жана башка технологияларды орнотуу-учурдун талабы», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы Дубай шаарынын полициясынын штаб-квартирасынын өкүлдөрүн тажрыйба алмашуу жана кызматташуу суроолорун деталдуу талкулоо үчүн Кыргызстанга чакырды.

«Биздин эмгек жамаат Штаб-квартиранын ишмердүүлүгүнө берген жогорку баа үчүн ыразычылыгын билдирет. Дубайдын башчысы сиздердин алдыга коюлган маселерди ишке ашырууда көмөктөшүү жана колдоо көрсөтүү тапшырмасын берди. Биз «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүбүздүн адистерибизди жиберүүгө даярбыз. Дүйнөдө ар бир укук коргоо органынын тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулукту азайтууда иштеп жаткан тажрыйбасы бар. Буга байланыштуу биз кыргыз тараптан дагы адистердин тобун күтөбүз», – деп белгиледи Дубай полициясынын башчысы.

Мындан тышкары Дубайда тургундар үчүн эки миллиондон ашык жарандар колдонгон «Dubai Polis» көп функционалдуу мобилдик тиркеме иштейт. Алар шаардагы болуп жаткан окуялар жөнүндө маалымат алып, айыппулдарды төлөп, өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам алууга кайрылып, жол-транспорт кырсыгы жана шектүү, мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча маалымдап, тийиштүү органдар жана камсыздандыруу компаниялардан кеңеш алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Премьер-министрдин сапары учурунда ИИМ Академисынын курсанттары жана ИИМдин кызмакерлери квалификациясын жогорулатууга курстардан өтүүсү жана Дубай полициясынын Академиясында тажрыйба алмашуу боюнча оозеки макулдашуу болду. Ошондой эле Штаб-квартиранын өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келиши менен эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын кызматташуусу жөнүндө меморандумга кол коюлат.

Премьер-министр Сапар Исаков ушул сыяктуу долбоорлор абдан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп, шаарларды санариптештирүүнүн жардамы менен коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, жергиликтүү бюджет толукталууда.

«Башкысы инновациялар биздин жарандардын коопсуздук деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө. Азыркы тапта биз инвесторлор менен техникалык суроолорду иштеп чыгып жана «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында жаңы таасирдүү чечимдерди жана технологияларды издеп жатабыз», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мындан тышкар Сапар Исаков полициянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү жана Дубай полициясынын Штаб-квартирасындагы колдонулган алдыңкы технологиялар жана техника менен таанышып чыкты.

Премьер-министр ошондой эле, полициялык кызматтарды ар бир жашоочу жана конок колдоно алган, Дубай полициясынын заманбап технологияларын көрсөтүлгөн «Smart Police Station» тилкесине болду.

Сүрөттөрдү көчүрүп алуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү


Официальный сайт Правительства КР: http://www.gov.kg

URL to article: http://www.gov.kg/?p=111938