Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

14 Бирдин айы, 2018

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду. Ага ылайык Догоев Дастан Давлетович берген арызынан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү