Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматында вице-премьер-министр С.Муканбетовдун катышуусунда коллегиялык жыйын өттү

28 Бирдин айы, 2018

Бүгүн, 28-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын 2017-жыл үчүн ведомствонун иш жыйынтыгын чыгаруу жана 2018-жылга карата милдеттери боюнча коллегиялык кеңешмесинин ишине катышты.

Коллегиянын өкүлдөрү ведомствонун курамдык бөлүмдөрүнүн баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, топтолмо пенсиялык тутумунун камсыздандыруу ишмердүүлүгү, бухгалтердик эсеп, финансалык отчеттуулук жана аудитти өнүктүрүү боюнча отчетун укту.

Ошондой эле 2017-жыл боюнча укуктук жана лицензиялык уруксат берүүчү ишмердүүлүк, экономикалык анализ, финансылык камсыздоо, уюштуруучулук жана кадр иштери жаатындагыгы   маалыматтар көрсөтүлдү.

2017-жылдагы иштин жыйынтыктарын канааттандырарлык деп бааланган соң, Мамфинкөзөмөлдүн төрагасынын милдетин аткаруучу Абдухалык Шамшиев кызматтын 2018-жылдагы иш планын тартуулады. Ведомствонун отчету жактырылып, 2018-жылга сунушталып жаткан план кабыл алынды.

Коллегия ишинин жүрүшүндө  вице-премьер-министр С.Т. Муканбетов сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык региондорду өнүктүрүүдө муниципалдык баалуу кагаздарды өнүктүрүү маселесин кайрадан актуалдаштыруу зарылдыгын белгиледи.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан муниципалдык баалуу кагаздарды колдонуу менен шаарлардын инфраструктурасын каржылоо үчүн кыска мөөнөттө шарттарды камсыз кылып бериш керек», – деп белгиледи Муканбетов С.Т.

Ошондой эле вице-премьер-министр тарабынан уюштурулган рыноктор, биржалык жана соода аянтчаларды өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул суроолор Өкмөттүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасында камтылган.

«Евразиялык экономикалык биримдигинин экономикалык мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин алкагында уюштурулган рынокторду, биржалык, соода аянтчаларды өнүктүрүү жана ага карай Кыргыз Республикасынын өнөктөш өлкөлөрүнө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелери турат. Бул маселе  «Жаңы доорго кырк кадам»  программасында камтылгандыгын өзгөчө белгилеп кетүү керек. Андан тышкары, «Таза коом» санариптик трансформациялоо Программасына ылайык, электрондук рынокторду агрессивдүү түрдө киргизе башташ керек», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр өз сөзүндө мамлекеттик баалуу кагаздарды жана мамлекеттик акция пакети бар ишканалардын кагаздарын башкарууга өзгөчө маани берди. Пенсиялык системадагы реформаларга токтолууда С.Муканбетов кесиптештеринин көңүлүн  эң «узун акчаларга» – пенсиондук фонддун каражаттарына карай жеткиликтүүлүктүн ачылып жаткан келечегине бурду. Анын пикиринде, жөнгө салуучу аларды өндүрүштүк секторго багытташы керек, ал өз кезегинде Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө жагымдуу таасир берет.

Жыйынтыгында С.Муканбетов Мамфинкөзөмөлгө жакынкы аралыкта жогорку деңгээлдеги милдеттенмелерди алдыга коюу менен өзүнүн ролун күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү