Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Бишкекте «Таза Жашоо» акциясына катышты

17 Жалган куран, 2018

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев бүгүн, 17-мартта, «Таза Жашоо» улуттук кампаниясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттк инспекциясынын борбордук аппаратынын жамааты менен биргеликте Бишкек шаарынын «Физкультурный» скверинин аймагында өткөн ишембиликке катышты.

Аскарбек Шадиев белгилегендей, үч айга жарыяланган «Таза Жашоо» кампаниясы шаардын парк аймактарын сактоого жана өнүктүрүүгө, аймактарды көрктөндүрүүгө жана жашылдандырууга багытталган.

Биринчи вице-премьер-министр жалпы кыргызстандыктарды аталган ыктыярдуу акцияга активдүү катышууга чакырды жана өлкөнүн ар бир жараны кийинки муунга эмне мурас калтыраарын ойлонушу керектигин белгиледи.

«Эгерде ар-бирибиз өз корообуздагы тазалыктан жана тартиптен баштасак, мунун өзү чоң кадам болот. Анкени чөйрөбүздөгү кооздук жана тазалык ар-бирибизден көз-каранды. Бул өлкөгө жыл сайын туристтердин агымы келип жаткандыгына байланыштуу да өтө маанилүү. Тийиштүү түрдө, биз өлкөбүздө тазалык, ыңгайлуулук болуусу үчүн кам көрүүбүз зарыл», – деди Аскарбек Шадиев.

Белгилесек, 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына дейре Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясын өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү